Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Сербиянын ортосунда визасыз режим ишке ашат

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 695 | 0

8-ноябрдан тарта Кыргызстан менен Сербия мамлекетинин ортосундагы келишим күчүнө кирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык эки өлкөнүн жарандары визасыз негизде кирип чыга алышат. Аны менен катар 90 күн бою мамлекетте жүрө алышат.

Максаты эки өлкөнүн жарандарына сапарга чыкканда жеңилдиктерди түзүү, соода-экономикалык, инвестициялык мамилелерди, маданий-гуманитардык байланышты жана туризмди өнүктүрүү болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM