Биз менен байланышыңыз

Жаштар жана балдар арасында жемкорлукка каршы сынак жарыяланды

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 814 | 0

Кыргызстанда жемкорлукка каршы балдар жана жаштар арасында мыкты сүрөт жана кыска видеого сынак жарыяланды.

Сынактын максаты, жаштар арасында өлкөдө паракорчулукка жол бербөө боюнча коомдук пикирди калыптандырууну шарттайт. Мындан сырткары, жаштарды жемкорлукка каршы укуктук база менен терең тааныштырып, ага каршы күрөшүп,  жалпы коомчулукту агартуу ишине тартууга багытталат.

Сынак 9-декабрь БУУнун Жемкорлукка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө арналып уюштурулууда.

«Жемкорлук балдардын көзү менен» деген сүрөт сынакка 1-8-класста окугандар катыша алат. Эки категория боюнча жеңип чыккан сынактын катышуучулары скутер гири менен сыйланышат.

Сүрөттөр жалпыга билим берүү мекемелери (мектептер)  аркылуу кабыл алынат. Алар  топтолгон материалдарды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүшү шарт.

Ал эми «Жемкорлукту токтот!» деген темадагы видео роликтер сынагына 9-10-класстын окуучулары жана студенттер катышса болот.

Сынактын шарты:

  • Эгерде сынакка берилген материал бир нече авторлор тарабынан даярдалса, башка авторлорго сынакка чейин маалымат берилиши шарт. Авторлордун ортосунда карама-каршылык орун алса, ага уюштуруучу топ жооп бербейт;
  • Сынакка 2017-жылдын декабрынан 2018-жылдын декабрына чейин даярдалган материалдарды гана сунуш кылууга уруксат берилет;
  • Даярдалган видео Google Диск, Яндекс Диск сыктуу файлдар сакталуучу жайга жайгаштырылышы шарт жана шилтеменин дареги сынакка катышуу барагында так көрсөтүлүшү талап кылынат;
  • Уюштуруучуларга сынакка сунушталган видео материалдарды анын авторуна шилтеме келтирүү менен колдонуу укугу берилет.

1-орунга – Canon EOS 750D линейкасынан
2-орунга – Samsung A6
3-орунга – Xiomi  Redmi 6А2

Сынакка жөнөтүлгөн материалдар 2018-жылдын 7-декабрына чейин кабыл алынат. Сыйлык тапшыруу аземи 2018-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Бул сынак Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM