Биз менен байланышыңыз

Арабаев: Саясий партиялардын лидери алмашып турушу керек

Пикирлер | 5 Ноя 2018 | 522 | 0

Саясий партиялардын лидери алмашып турушу керек. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, лидер алмашып турушу керек деген түшүнүктү киргизүү зарыл. Анткени бийлик партиялар аркылуу түзүлөт. Кыргызстанда лидерлер партияны жеке менчикке айлантып алган.

«Партиялардын дараметине караганда дымагы күчтүү. Эл партиянын программасына, тизмесине карап добуш берсе… Партиялардын тизмесин да «кыргызча» кылып түзүп жатышат. Бийликтен дагы көп нерсе көз каранды. Бийликтин биринчи өкүлү болгон адам өлкөнү кыдырып үгүт жүргүзгөнүн  көрүп жатабыз. Мунун баарын токтотуу зарыл», — дейт Арабаев.

Ал Кыргызстанда үгүт иштерине катышып жүрүп, шайлоо бүтөрү менен Ак үйгө барып чоң кызматына отуруп алгандар бар экенин айтып сынга алды.

«Принциби жок адамдар бар. Революцияда өйдө-төмөн болуп турганда да Бакиевге кызмат кылып жүргөндөр кийин башка партияларга кошулуп алып бүгүн бийликте отурушат. «Бакиевдин камчысын чаптык эле» деп корккон эч ким жок«, — дейт Арабаев.

Арабаев мыйзам жазуу үчүн парламентке тажрыйбалуу адамдар келиши керектигин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM