Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанга күйүүчү май чыгаруучу завод курулат

Дүйнө | 3 Ноя 2018 | 878 | 0

Өзбекстан 2023-жылы метанолдон күйүүчү май иштеп чыгуучу заводун ишке киргизет. Президент Шавкат Мирзиёевдин өлкөдө химиялык өндүрүштү өнүктүрүү үчүн чыгарган токтомуна ылайык, “Навоиазот” базасына бензин чыгаруучу ишкана 200 млн долларга курулмакчы.

Түштүк кореялык GS Engineering Construction Corporation компаниясы курган завод жылына 104,3 миң тонна бензин, 14,4 миң тонна бутандык пропан затын өндүрүп чыгара баштайт.

2019-жылдын аягына чейин заводдун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгылат.

Долбоордо көрсөтүлгөндөй, заводдун курулуш иши 2020-жылы башталып, 2022-жылдын декабрында колдонууга берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM