Биз менен байланышыңыз

Кумтөр боюнча келишимди аткаруу мөөнөтү аяктайт

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 659 | 1

Бүгүн, 2-ноябрда Centerra Gold компаниясы жана кыргыз өкмөтү ортосунда түзүлгөн Кумтөр кени боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү стратегиялык келишиминин мөөнөтү аяктайт.

24-августта келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтү 2-ноябрга чейин узартылган эле.

Эске салсак, кыргыз өкмөтү менен «Центерранын» ортосунда Кумтөр боюнча жаңы келишимге 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Ага ылайык канадалык инвесторлор Ысык-Көл облусунун жээгинде заманбап суу тазалоочу түтүктөрдү орнотууга 50 млн доллар, Онкология борборуна 10 млн доллар, жаңы геологиялык чалгындоолорго 10 млн доллар, баш-аягы 170 млн АКШ долларын которуу милдетин алган.

1 пикир

1 пикир

  1. Самар

    15.11.2018 00:56

    онкологияга берилген акчаны мамашова деген депутат бюджетке котортту, ооруган балдар журот ошол аппаратты кутуп

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM