Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Разаков Астанадагы ЕЭК кеңешинин жыйынына катышты

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 571 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Астана шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйын Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Антон Силуановдун төрагалыгы алдында өттү. Анда маалыматташтыруу, бажылык жөнгө салуу, соода, өнөр жай, эл аралык ишмердикке байланыштуу 22 маселе каралды.

Ошондой эле кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдү алып салуу, чектеш ишеним мейкиндигин түзүү, өнүктүрүү жана иштетүүгө талаптар, электрондук коштоочу документтерди өз ара таануу механизми, 2019-жылга карата ЕАЭБдин бюджетин бекитүү маселеси болду.

Мындан тышкары, ЕАЭБ жана Кытай аралык соода-экономикалык кызматташтык келишими талкууланды. Биримдиктин 2019-жылга карай эл аралык негизги багыттары сунушталды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тараптар аркылуу ЕАЭБ алкагындагы өлкөлөрдүн интеграциясына багытталган бир катар документтер жактырылды.

Copyright © 2017 Maral FM