Биз менен байланышыңыз

Президент донор уюмдар, өнөктөштөр менен натыйжалуу кызматташууну талкуулады

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 707 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков донор уюмдар жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен натыйжалуу кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Алгач 2018-2040 жылдары Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү стратегиясы бекитилгенин белгиледи. Алдыдагы беш жылда чечүүнү талап кылган негизги тапшырмалардын бири адилеттүү сот бийлигин орнотуу экенин кошумчалады.

Ошондой эле негизги приоритет катары энергетика, тоо кендерин иштетүү, өнөр жай, жеңил өнөр жай, айыл чарба, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, туризм тармактары саналат.

Президент донорлор жана өнөктөштөргө кайрылып, бул стратегияны ишке ашырууда кызматташууга чакырды. Алар өкмөт жана мамлекеттик органдар менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуу 2019-жылдын жаз айларында дагы өтүлүшү күтүлөт.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM