Биз менен байланышыңыз

Президент: Элибиз ички иштер органдарынан олуттуу натыйжаларды күтүүдө

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 671 | 0

Бүгүн, 1-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлерин кесиптик майрамы — милиция кызматкеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет мындан ары да кызматкерлердин кызмат өтөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, милициянын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өбөлгө болуучу чараларды ишке ашырууну улантарын билдирди.

Ошондой эле, элибиз ички иштер органдарынын ишине кунт коюу менен көңүл буруп, алардан коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу натыйжаларды күтүп жаткандыгын кошумчалады.

Башкы максат — коомубуздун ишенимине татыктуу укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун натыйжалуу системасын түзүү болгондугу белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM