Биз менен байланышыңыз

Президент: 5 жылда өлкөнү таза суу менен толук камсыз кылуу керек

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 865 | 0

Бүгүн, 1-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков донорлор менен жолугушуусунда таза суу долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулады.

Алдыңкы 5 жыл аралыгында калк жашаган аймактардын баарын таза суу менен камсыздоо маселеси көтөрүлдү. “Өлкөдөгү 26 райондук борборлорду жана 22 шаарды таза суу менен камсыздоо – маанилүү милдеттердин бири,”-деп белгиледи президент.

Ошондой эле стратегия жашаган аймагына карабастан калктын жашоо сапатын жакшыртуу максатын көздөгөндүгүн кошумчалады. Анын алкагында саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо тармактарын өнүктүрүүгө басым жасалат.

Copyright © 2017 Maral FM