Биз менен байланышыңыз

Өмүркулов «КСДП Атамбаевсиз» урааны боюнча позициясын айткан эмес

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 585 | 0

Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “КСДП Атамбаевсиз” ураанын колдогон демилгечи топтордун өкүлдөрүн кабыл алган. Бул тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Алар бир нече облустардан келген. Өмүркулов алардын баарын кабыл алган, бирок оз позициясын айткан эмес.

«Мен фракция лидери катары «КСДП Атамбаевсиз» ураанынын алдында аймактарда жыйындарды өткөрүп жүргөн активисттерди кабыл алгам. Анда мен позициямды айткан эмесмин. Мен партиянын бардык мүчөлөрүн кабыл алып турам. Бул жолугушууну Асылбек Жээнбеков уюштурган жок», — дейт Өмүркулов.

КСДПнын катарынан чыгышына эмне себеп болгонун билбей турганын, бирок партиянын бул кадамы мыйзамсыз экенин белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM