Биз менен байланышыңыз

Өмүркулов: Партияга эч качан чыккынчылык кылган эмесмин

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 685 | 0

Мен бул партияга көчөдөн келген жокмун. Мен партиянын идеяларын ишке ашырууга, мамлекеттин, коомдун кызыкчылыгы үчүн күрөшүп келдим.

Мындай пикирин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов маалымат жыйынында билдирди. Ал партияга эч качан чыккынчылык кылбаганына ишендирди.

Өмүркулов мындан тышкары, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун ишкерлерден акча алгандыгы тууралуу суроого жооп берди. Ал шайлоо учурунда түздөн-түз шайлоочулар менен жолугуп жүргөнүн, каражатка тиешеси жоктугун айтты.

Бул иштин жыйынтыгы тергөөдөн кийин ачыкталат.

Copyright © 2017 Maral FM