Биз менен байланышыңыз

Хашокжини муунтуп өлтүрүшкөн

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 642 | 0

Саудиялык публицист бозгундагы Жамал Хашокжи өлтүрүлгөндөгү жагдай боюнча алгачкы расмий доклад жарык көрдү. Түрк басылмасы ишенимдүү булактарга таянып, анын Стамбулдагы элчиликке кирери менен муунтуп өлтүрүлүп, алдын-ала пландалган боюнча жиликтенип, жок кылынганын жазып чыкты. Бирок бул туралуу Анкара расмий аныктама бере элек.

The Washington Post гезитинин журналисти Хашокжинин кандай абалда, эмнеге жана ким тарабынан өлтүрүлгөнү жана анын сөөгүнүн орду тууралуу ачыктоосун дүйнөлүк коомчулук, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрү да Сауд Аравия бийлигинен талап кылышууда.

Ошондой эле Рияддын дарегине катуу айыптоолор жаап жаткан кези. Журналисттин өлүмүнүн чоо-жайын ачыкка чыгарып жаткан турк бийлиги бул ишке Саудияны түз күнөөлөбөй жатат. Кандайдыр бир тараптар чагым уюштурганы тууралуу кыйытууда. Бирок эл аралык коомчулук падышалык бүлөдөн бирөөнүн буйругусуз мунун ишке ашуусу мүмкүн эмес экенин айтышууда.

Эске сала кетсек, Жамал Хашокжи 2-октябрь күнү Стамбул шаарындагы Сауд Аравиясынын элчилигине кирген бойдон дайынсыз жоголгон. Анын элчиликте өлтүрүлгөнү тууралуу түрк коопсуздук кызматынын маалыматтарын Саудия тарап жокко чыгарып келген. Эки аптадан кийин гана далилдер ортого чыкканда Рияд анын чын эле элчиликте чыккан жаңжалдын айынан каза болгонун билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM