Биз менен байланышыңыз

Илмиянов камакта калтырылды

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 616 | 0

Бишкек шаардык сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон Икрамжан Илмияновдун бөгөт чарасын карап, аны камакта калтыруу чечимин өзгөрткөн жок.

Ал буга чейин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.

Илмияновдун адвокаты 5 күн ичинде Жогорку Сотко кайрыларын айтты. Ал арада Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдына мурунку Илмияновдун 50дөн ашуун тарапташы чогулду.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго «алдамчылык» беренеси боюнча айып тагылган.

Copyright © 2017 Maral FM