Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Бийлик күчүнө жана байлыгына таянууда

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Окт 2018 | 566 | 0

Мамлекеттик бийлик күчүнө жана байлыгына таянууда. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бийлик акча бербеген, демөөрчү болбогон ишкерлердин ишин муунтат. Бизнесмендер бийлик менен дос болгондо ишкердиги илгерилерин жакшы билет. Бул ишкерлердин эмес бийликтин катасы.

Бөрүбашев буга кошумча шайлоо фондунун 90% көмүскө каржыланарын белгилейт.

«Андыктан 150 миң доллар сарпталып кетиши толук мүмкүн. Президент шайлоо фондуна түшкөн каражатты билбей калды деген сөз болбогон иш. Шайлоо акча менен өтүп жатканын эл билет. Шайлоо системасын жашыртуу үчүн чет элдик каражат албаш керек. Себеби саясий процесске башкалар аралашпашы керек», — дейт Бөрүбашев.

Белгилей кетсек, КСДП партиясына УКМКнын тергөөчүлөрүнөн Илмиянов ишкерлерден 150 миң доллар алган деген кат келген.  Партия катка жооп кылып, акча былтыр шайлоодо «демөөрчүлүк жардам» катары алынганы, ал боюнча азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын штабы жооп бериши керек экендигин айткан.

Ал эми Илмияновго «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM