Биз менен байланышыңыз

Түндүк Ирландияда мечиттин жанында чагым уюштургандар соттолууда

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 623 | 0

Түндүк Ирландиянын Ньютаунардсе шаарындагы мечиттин жанында ашкере улутчул же расисттик көз караштагы кылмышкерлер тобунун (ку-клукс-клан) формасын кийинген топ чуу чыгарып, сүрөттөрүн социалдык тармактардан жарыялашкан. Бул коомчулукка чыгары менен өлкөнүн бардык саясий күчтөрү муну айыптап, укук коргоо органдарын чара көрүүгө чакырышты. Бул тууралуу Би-Би-Си жазып чыкты.

Тундүк Ирландиянын полициясынын жетекчиси Ричард Мерфи жек көрүү мүнөзүндөгү бардык иш аракеттерге тыюу салынарын эскертип: “Коомдогу улуттук жана диний ар түрдүүлүкту кабыл алуу жана коргоо бардык жарандардын вазыйпасы”,-деп билдирди. Бул окуя боюнча соттук иш башталды.

Ал эми аталган мечиттин финансылык мүдүрү Ражеж Вазан бул окуя аймактагы мусулмандарды кооптонтуп, мечитке келүүлөрүнө тоскоол болгонун айтты. Жадагалса кээ бирлер мечиттен чыгуудан да сестенишип жатканын билдирди.

“Бул биринчи жолу болуп жаткан жок. Өткөн жылы мечиттин эшигине доңуздун башын таштап кетишкен. Ку-клукс-кландын кийими менен мечиттин айланасында чуу чыгаруу синагогдун алдына фашисттик форма менен келгендей эле иш!?”

Жергиликтүү жашоочулар да алардын аймакта ызы-чуу менен ары-бери жүрүп, түн жарымында шаардык түнкү клубдан чыкканын көрүшкөн.

Атын атоодон баш тарткан жашоочу: “Алар түнкү экиде клубдан чыгышты. Демек, аларды бул кийим менен ичкери кирүүсүнө уруксат беришкен. Кандай өкүнүчтүү! Эгер ошол маалда кара терилүү же башка диндин өкүлү алдыларынан чыкса эмне болмок? Биз алардын динди жектөөчү сөздөрдү айтып, так эле ККК адамдары сыяктуу кылык-жоруктарды кылып жүргөнүн көрдук. Хелловин майрамын белгилеп жүрүшөт дегендерге таң калам. ККК эмне экенин биз жакшы билебиз!”,-деп тынчсызданганын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Ку-клукс-клан ашкере улутчул же расисттик көз караштагы кылмышкерлер тобу. Алар белгилүү бир улутту же идеологияны туура деп, башкасын жок кылууга аракет кылышат. Бутага алган адамды же топту алгач эскертип, болбосо асып өлтүрүү менен жазалашат. Биринчи жолу Америкада пайда болгон мындай топ ак терилүүдөн башка бардык топторго убак-убагы менен кол салып турушкан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM