Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Эгер акча чача турган болсо кийинки шайлоого катышпайм

Пикирлер | 29 Окт 2018 | 635 | 0

Парламенттин таркашына негиз да, себеп да жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө утурумдук саясат жок. Президент дагы парламентризмди өнүктүрүү жөнүндө кеп кылууда.

Момбеков өзү талантына жараша депутат болуп калганын белгилейт.

«Парламентке акча төлөбөй келдим. Тизмени түзүүгө Икрам Илмияновдун таасири болгон. Ал эми кийинки парламенттик шайлоо тууралуу ойлоно элекмин. Эгер акча чача турган болсо, мен шайлоого катышпайм, анткени акчам жок. Бирок кайсы бир партиялар кызматташууга чакырса, барам», — дейт Момбеков.

Ал буга кошумча, өзүн КСДП фракциясынан чыгаруу боюнча сөз болбогонун айтып өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM