Биз менен байланышыңыз

ИИМден маалымкаттарды алуу жеңилдеди

Күн чабыт | 29 Окт 2018 | 887 | 0

Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун техникалык мүмкүнчүлүктөрү жакшырып, документтерди берүү процесстери жөнөкөйлөштүрүлдү. Жарандарды тейлөө тартиби жана көрсөтүлө турган кызматтардын түрлөрү, жаңылануулар тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов айтып берди.

“Бирдиктүү терезе” системасынын ишке кириши менен кандай өзгөрүүлөр болот?

Негизи бул маселе Коопсуздук кеңешинде каралып, чечим кабыл алынган. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору өлкөнүн ички иштер органдарын реформалоо алкагында президенттин тапшырмасы менен ачылды. “Бирдиктүү терезе” принциби киргизилип, эми жарандар зарыл документтерин чогултуу үчүн бир канча инстанцияларга кайрылып убара болбойт. Системанын киргизилиши менен маалымкаттарды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болот.

Ошондо кайсыл кызматтар биригип жатат?

Белгилүү болгондой күнүгө маалымкат алуу максатында министрликке 400дөн 700гө чейин адам кайрылат. Ал жактагы кезек күтүүлөр, бир документти алуу үчүн бир канча мекемеге чуркоо элдин нааразычылыгын, жумуштагы ыңгайсыздыкты да жаратып келген. Эми Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунда, жарандын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы-тартылбаганы,өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу маалымкаттарды, апостилди, кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын жана автомобиль транспорту менен кооптуу жүк ташыганга уруксат кагаздарды. Ошондой эле бул борбордон жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды кабыл алууга жана берүүгө лицензияларды жана уруксат кагаздарын берүү кызматтарын алса болот.

Сиз айткан кезек күтүүлөр болбоосу жана тейлөөнүн ыкчамдыгы үчүн кандай шарттар түзүлдү?

Эң алгачкылардан болуп операторлор көбөйтүлүп, маалымат такталар, багыттагычтар жана борбордо төлөмдөрдү кабыл алуу пункттары жана электрондук кезек аппараты орнотулган. Азыркы алдыңкы банктардагыдай эле электрондук кезекке туруп, кызмат ала алышат.

Президент бул борбор менен таанышууда жарандардын бийликке болгон ишенимин жогорулатуу үчүн системаны бүткүл республика боюнча киргизүү керектигин айтты эле. Бул качан ишке ашат?

Ооба, президент Сооронбай Жээнбеков 27-октябрда борбор менен таанышып, жалпы облус борборлоруна керек болсо райондун борборлоруна да ушундай системаны киргизүү тапшырмасын койду. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. Каражат маселесине карап иш жүрөт. Мына бүгүн Бишкек шаары менен Чүй облусунда ишке кирип жаткан борборго 9 млн сом каражат кетти. Жакында Ош шаары менен облусуна кезек келет.

Маегиңизге рахмат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM