Биз менен байланышыңыз

Азиз Суракматов Кореянын КРдагы элчиси менен жолугушту

Кыска кабар | 27 Окт 2018 | 544 | 0

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Корея Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ха Тэёк менен жолугушту.

Жолугушууда Ха Тэёк калаа башчы жана мэриянын кызматкерлери корейлер сыяктуу күчтүү жана практикалык жумуш стилине ээ экенин белгиледи.

Ошондой эле Бишкекте дүйнөгө белгилүү корей бренддеринин расмий өкүлчүлүктөрү жок экендигин айтты. Борбордо корей иш коомунун өкүлдөрүнүн рыногуна чыгууга шарттарды түзүү үчүн активдүү иштөөгө болгон каалоосун билдирди.

Ал эми Азиз Суракматов Бишкектеги “Физкультурный” гүл багынын аймагында Бишкек жана Кореянын Куми шаарларынын достугунун белгиси болгон монумент орнотулганын билдирип, кызматташтыктын активдүү уланышы керектигин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM