Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алды

Кыска кабар | 27 Окт 2018 | 524 | 0

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүү боюнча ишин сынга алды.

Жыйында Айыл чарба министри Нурбек Мурашев күзгү талаа иштеринин жүрүшү боюнча маалымат берип, айыл чарба өсүмдүктөрү жогорку түшүмдүүлүккө жетишилгенин билдирди.

Ошондой эле атамекендик дыйкандарга даректүү мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары, анын ичинде жеңилдетилген насыяларды берүү жөнүндө айтып берди.

Бирок өкмөт башчы тармактык министрликтин айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча ишинин жетишсиз экенин айтты.

«Жеңилдетилген насыялар берилип, гранттар багытталууда, бюджеттик каражаттар бөлүнүүдө, бирок силер айыл чарбасын натыйжалуу өнүктүрүүнүн комплекстүү механизмдерин эмдигиче таба албай жатасыңар», – деди өкмөт башчы.

Абылгазиев Мурашевге тармактагы натыйжалар үчүн анын жеке жоопкерчилигин дагы бир ирет эскертти жана республиканын агрардык тармагын өнүктүрүү боюнча иштерди активдештирүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM