Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Өз убагында ратификацияланбаган макулдашуу үчүн жетекчилер жоопкерчилик тартышы керек

Кыска кабар | 27 Окт 2018 | 576 | 0

Мамлекеттик органдардын ар бир жетекчиси тигил, же бул макулдашуу өз мөөнөтүндө ратификацияланбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышы керек. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

«Тигил, же бул макулдашуулардын өз учурунда ратификацияланбай калгандыгы үчүн республика айыппул төлөшү керек. Финансы министри катары мамлекеттик органдын кайсы жетекчиси ар кыл келишимдерди ратификациялоо боюнча планды аткарбай жаткандыгын маалымдап турушу керек. Эмне үчүн биз кайдыгерлик мамиледен улам айыппул төлөшүбүз керек» – дейт өкмөт башчы.

Жыйында Финансы министри Адылбек Касымалиевге биринчи кезекте өкмөттүн артыкчылыктуу долбоорлорун жана программаларын каржылоону ишке ашыруу тапшырылды.

Маалыматты угуунун соңунда “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, Мамлекеттик бажы кызматына жана Мамлекеттик салык кызматына 2018-жылга карата бажы жана салык төлөмдөрү боюнча бекитилген пландык көрсөткүчтөрдү толугу менен аткарылышын камсыздоо, ошондой эле бюджетке кошумча түшүүчү кирешелер боюнча 2018-жылга карата иш-чаралар планын аткаруу жана салык менен бажы төлөмдөрүн администрациялоону жакшыртуу боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM