Биз менен байланышыңыз

«Айыл банкты» капиталдаштырууга 1 млрд сом бөлүнөт

Кыска кабар | 27 Окт 2018 | 505 | 0

1 млрд сом «Айыл банкты» капиталдаштырууга бөлүнөт. Бул каражаттар дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыяларды берүүгө багытталат. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 26-октябрда өткөн жыйынында билдирди.

Маалым болгондой, ипотекалык насыялоо программасын каржылоого дагы 1 млрд сом  бөлүнгөн.

«Ошол эле учурда республикалык бюджеттин чыгымдары 3,7 млрд сомго кыскарып, 157,5 млрд сомду түзгөн. Белгилей кетсем, өкмөт бардык чыгымдык милдеттемелерди өз убагында каржылоону камсыздайт, бул айрыкча бюджеттин корголгон беренелерине тийиштүү. Бюджеттин тартыштыгынын болжолу 15,3 млрд сом өлчөмүндө жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн 5,1 млрд сомго азаят», – дейт Абылгазиев.

Ал белгилегендей, буга чейин «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2,9 млрд сом каралган болсо, өкмөт бул сумманы 5,9 млрд чейин жеткире алган. Бөлүнгөн каражаттардын көлөмүн 3 млрд сомго көбөйткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM