Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Өкмөт өлкөнүн чыгаша милдеттенмелерин өз убагында камсыздайт

Кыска кабар | 27 Окт 2018 | 474 | 0

Өкмөт мамлекеттин бардык чыгаша милдеттенмелерин өз учурунда камсыздайт. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 26-октябрда өткөн жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, ички дүң продуктунун көлөмү 558,4 млрд сомду түзүп, 2,8% өсүү камсыздалган, ал эми республикалык бюджеттин кирешеси 142,3 млрд сомду түзүп, 1,4 млрд сомго жогорулаган.

Өкмөт башчы белгилегендей, республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү дүйнөлүк экономикалык өнүгүү тенденцияларынын таасирине жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү абалга байланышкан макроэкономикалык болжолдордун негизги параметрлерин тактоо менен шартталган.

«Салыктарды администрациялоо тутумун өркүндөтүү эсебинен салыктык түшүүлөрдү 2,7 млрд сомго жогорулашын болжолдоп жатабыз. Бажылык түшүүлөрдүн өсүшү 139,0% деңгээлде камсыздалат жана бажы кызматкерлеринин алдына чогултуулардын көлөмүн 4,6 млрд сомго жогорулатуу милдети коюулууда», – дейт Абылгазиев.

Анын айтымында, бюджетке каражаттардын түшпөй калуу тобокелдиги бар. Анын ичинде Азия өнүктүрүү банкынан 1 млрд 790 млн сом, Эл аралык валюта фондунан – 930,8 млн сом өлчөмүндө болжолдонууда. Анткен менен өкмөттүн алдында маанилүү социалдык долбоорлорду кошумча каржылоону камсыздоо боюнча маанилүү милдеттер турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM