Биз менен байланышыңыз

Замирбек Аскаров WETEX-2018 көргөзмөсүнө катышты

Кыска кабар | 27 Окт 2018 | 515 | 0

Бүткүл дүйнөлүк жашыл экономика саммитине катышуунун алкагында вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Дубай шаарындагы сууну иштетүү технологиялары, энергетикалык технологиялар жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча WETEX-2018 көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, Аскаров продуктулар жана тейлөө кызматтары, ошондой эле суу менен камсыздоо, энергетика жана айлана чөйрөнү коргоо тармактарындагы алдынкы ыкмалар менен таанышкан.

Мындан сырткары, саммиттин алкагында Дубай шаарынын Электр жана суу менен камсыздоо департаментинин башкаруучу директору Саид Мухамед Аль Тайэр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Жолугушууда тараптар Water Aid программасын ишке ашырууну талкуулашты. Буга чейин анын алкагында Чүй жана Жалал-Абад облустарынын эки айылын ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор тандалган.

Жолугушуунун жыйынтыгында Аскаров долбоорду ыкчам жүзөгө ашырууга жана ичүүчү  суунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо тармагында келечектүү жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.

Белгилей кетсек, WETEX-2018 көргөзмөсү Дубай шаарынын Электр жана суу менен камсыздоо департаменти тарабынан өткөрүлүүдө жана 1999-жылдан тарта жыл сайын уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM