Биз менен байланышыңыз

30-октябрдан тарта карызы барлардын жарыгы өчүрүлөт

Кыска кабар | 27 Окт 2018 | 497 | 0

2018-жылдын 30-октябрында “Түндүк электр” ААКсы Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 7 миң 450 турмуш-тиричилик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрүп баштайт.

Аталган мекемеден кабарлашкандай, алардын карыздары 12,1 млн. сомдон ашуун каржыны түзгөн.

31-октябрда карыздары 9,8 млн. сомду түзгөн дагы 6 миң 456 турмуш-тиричилик абоненттерди дистанциондук түрдө өчүрүү мерчемделүүдө.

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүү менен, төлөө тартибин сактоону сунуштайт.

Эске салсак, 2018-жылдын 1-октябрына “Түндүк электр” ААК Бишкек шаары боюнча 255 миң 458 абоненттерди тейлейт, анын ичинде: 239 миң 898 жеке жана 15миң 560 юридикалык жактар.

“Түндүк электр” ААКсы төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI», «Quickpay», «UMAI» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Мобильник», «UMAI» электрондук капчыктарынан, «Кыргызпочтасы» МИ, «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM