Биз менен байланышыңыз

Казакстанда RBK банкынын мурдагы аткаруучу директору кармалды

Дүйнө | 27 Окт 2018 | 571 | 0

РБК банкынын мурдагы аткаруучу директору Асылбек Игильман “мыйзамсыз акча жымырып алган” деген айып менен кармалды. Бул тууралуу Казакстан Башкы прокуратурасы жергиликтүү ЖМКларга билдирген.

Маалыматка караганда, Игильман банктын директорлор кеңешинин төрагасынын мурдагы кеңешчиси Жомарт Ертаев менен бирге 850 миллион теңге өлчөмүндөгү насыяны мыйзамсыз жол менен алган.

Уурдалган акча сыйлык иретинде топ-менеджерлер жана кызматкерлер арасында бөлүштүрүлгөн. Игильман өзүнө тийген 288 миллион теңгеге (2,3 миллион доллардан ашык) Алматыда үй салган. Учурда ал үй камакка алынды.

Буга чейин банктын төрт топ-менеджери Данияр Туганбай, Данияр Едигенев, Руслан Батурбаев жана Бахыт Ибрагим кармалган. Алар күнөөлөрүн мойнуна алып, чыгымды төлөп берүүгө даяр экенин айтышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM