Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда пара менен кармалган полковник айыппул төлөп кутулду

Дүйнө | 27 Окт 2018 | 609 | 0

Душанбенин Фирдавси райондук соту ири өлчөмдө пара алып жатканда кармалган ИИМдин жогорку кызматтагы аткаминерин 80 миң сомони (8700 доллар) айыппул төлөөгө милдеттендирип, камактан бошотуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу centralasian.org жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Маңзат сатууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Журахон Нусратуллозода соттун өкүмүнөн кийин дароо тергөө абагынан чыгарылган.

Белгилей кетсек, ушул жылдын август айында өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги милициянын полковниги пара катары 19 800 доллар алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. ​Ал 20 миң доллар өлчөмүндөгү параны маңзат сатууга айыпталган жергиликтүү тургундун ата-энесинен талап кылган. Журахон Нусратуллозодага каршы ири өлчөмдө пара алуу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бирок 19-октябрда Фирдавси райондук соту Журахон Нусратуллозоданы алдамчылык беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Судья Музаффар Абдуллозода соттолуучу пара катары алган акчаны коротууга жетишпегенин, каражат жабырлануучуга кайтарылып берилгенин билдирген.

Ал эми Тажикстан ИИМинин басма сөз кызматы Журахон Нусратуллозода кармалгандан кийин дароо кызматтан алынганын кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM