Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан бөлкөнү стратегиялык маанилүү товар тизмесинен чыгарат

Дүйнө | 27 Окт 2018 | 524 | 0

Өзбек өкмөтү бөлкөнү баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынган социалдык жана стратегиялык жактан маанилүү товарлардын катарынан чыгарат. Бул тууралуу өзбек басылмалары аткаруу бийлигине таандык токтомдун долбооруна таянуу менен жазып чыгышты.

Эгер бул документ кабыл алынса, мамлекет нандын баасын жөнгө салууну расмий түрдө токтотот.

Өзбекстанда 15-сентябрдан тарта бөлкөнүн баасы эки эсе кымбаттап, 650дөн 1200 сумга жеткен. Бул нанды соодалоого жаңы тартип киргизилгени менен байланыштуу болгон. Ага ылайык нанга карата базар баасы талап жана сунуштарга ылайык эркин формада өзгөрүлө баштаган.

Өзбек өкмөтү келечекте унду дагы базар баасында сатууну пландоодо.

Белгилей кетсек, социалдык жана стратегиялык жактан маанилүү товарлардын 21 түрү бар. Ага ун, суу май, дары каражаттары жана медициналык буюмдар, бензин, дан, жер семирткич, көмүр жана башкалар кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM