Биз менен байланышыңыз

Ырчы Шнейд О’Конор Ислам динин кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 975 | 0

Ирландиялык белгилүү композитор жана ырчы Шнейд О’Конор католик дининен Ислам динине өткөнүн жарыялады. Бул тууралуу Би-Би-Си кызматы жазды.

Ал Твиттердеги баракчасына: “Бардык диндердин учу Исламга барып такалат. Ошол үчүн бул кадам таң калыштуу деле эмес”, — деп билдирген.

Шнейд 90-жылдардагы хит ырлары менен дүйнөгө атагы чыккан. Ошондой эле анын трагедиялуу балалык чагы да аны башкалардан өзгөчөлөнтүп турат.

Ата-энеси ажырашкан соң кароосуз калган жаш Шнейд көчөдө дүкөндөрдөн майда-чүйдө нерселерди уурдап жүргөнү билинип, акыры жетим балдар үйүнө алынган.

Оор балалык кездерин ыр менен алаксып, жеңип өткөнүн эскерип калат. Анын талантын байкаган белгилүү ирландиялык музыкант аны өз тобуна кошуп ырдатып чыгарган.

Мусулман болгон ырчы жоолук салынган сүрөтүн социалдык желеден бөлүшүп, азанды айтып жаткан видеосун көрсөткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM