Биз менен байланышыңыз

Хашокжинин уулу Салахга Аравия-Америка кош жарандыгы берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 734 | 0

Үстүбүздөгү айда Стамбул шаарындагы Сауд Аравия элчилигинде өлтүрүлгөн америкалык журналист Жамал Хашокжинин уулу Салах Хашокжиге Аравия-Америка кош жарандыгын алып жүрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Al Jazeera жазып чыкты.

Салах Хашокжи бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, биринчи жолу үй-бүлөсү менен Америкага учуп барды. Анын кайсы шаарда жашаары белгисиз, бирок атасы Американын жарандыгын алып Вашингтондо жашачу.

Американын баш катчысы Майк Помпео журналисттин окуясы боюнча Эр-Риядга болгон расмий иш сапарында анын үй-бүлөсү тууралуу сүйлөшүп, Сауд бийлигин журналисттин үй-бүлөсүнө өлкөдөн сыртка чыгууга салган тыюусун кайра алуусун талап кылган. Саудия тарап муну ишке ашырып, Салах Хашокжинин өлкө сыртына чыгуусуна уруксат берүү чечимин кабыл алды.

Эске сала кетсек, америкалык The Washington Post гезитинин журналисти, мурунку Сауд бийлигинин кеңешчиси Жамал Хашокжинин өлүмү АКШ-Аравия-Түркия мамлекеттерин камтыган чоң чууну жараткан. Анын өлтүрүлгөнү тастыкталган менен кылмыштын себеби, жасагандар жана денеси кайда экени, бул иште үч тараптын кандай кызыкчылыктары бар экени дале толук ачыла элек. Көпчүлүк серепчилердин айтымында, журналист окуясы мамлекеттер ортосундагы маанилүү соодалашууларга байланыштуу. Мунун тегерегинде ар тараптуу сүйлөшүүлөр жана ага байланыштуу жоромолдор уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM