Биз менен байланышыңыз

Италия менен Орусия 1,5 млрд евролук 13 келишимге кол койду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 841 | 0

Италиянын жаңы бийлиги Орусия менен мамилесин жакшыртууга далалат кылууда. Акыркы бир айдын ичинде эле өлкөнүн бийлик өкүлдөрү Москвага үч ирет келип кеткен. Бул тууралуу Би-Би-Си түрк кызматы жазды.

Октябрдын башында Италиянын Тышкы иштер министри Энцо Моаверонун, 17синде Ички иштер министри Маттео Салвининин келиши жана 25-октябрда премьер-министр Жузеппе Контенин Москвага болгон расмий сапары эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдурууда. 25-октябрдагы Конте менен Путиндин сүйлөшүүлөрү узакка созулуп, 1,5 млрд евролук 13 келишимге кол коюусу ар түрдүүчө жоромолдонууда.

Байкоочулар Италия өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин Еврокомиссия тарабынан артка кайтарылышы Италияны жаңы стратегиялык өнөктөштөрдү табууга түрткөнүн билдиришүүдө. Себеби Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин бюджети эреже боюнча 3%дык дефициттен ашпоосу шарт. Бирок Италия бюджети бул чектен өтөт жана 2,3 триллион евро тышкы карызы менен Европада Грециядан кийинки эле орунда турат.

Экинчиден, мурдагы бийликте турган Сильвио Берлусскони сыяктуу эле, бул бийлик да Путинге жакындыгы менен таанылган. Евробиримдик тарабынан Орусияга каршы киргизилген санкцияларды жокко чыгаруу максатында бир нече жолу кайрылууларды да жасаган. Анткени санкциялар Орусиянын эле эмес, Италиянын да экономикасына кыйла залакасын тийгизген.

Эл аралык мамилелер институтунун директору Наталие Тоссинин айтымында, мурунку жетекчилик эл аралык нормаларды сактоо менен, орус тарап менен болгон кызматташтыгын жүргүзчү. Бул өкүмөт болсо НАТО, Евробиримдик сыяктуу ири уюмдар менен чырдашууга даяр турат. Биримдиктин Орусияга карата мамилесине карабастан Кремлди экономикалык жана саясий стратегиялык өнөктөшү катары ачык атоосу да алардын биримдиктеги ордун тобокелчиликке салууда.

Серепчилер акыркы кездердеги Италия-Орусия ортосундагы ынак мамиле Италияны Евробиримдиктен узактап же биротоло четтетилүүсүнө да алып келүүсү ыктымал экенин белгилешет.

 

Copyright © 2017 Maral FM