Биз менен байланышыңыз

Катар фонду Сузак районуна жаңы клиника куруп берди

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 708 | 0

Сузак районунун Кыр-Жол айылына заманбап фельдшердик-акушердик пункт курулуп, бүгүн, 25-октябрда элге пайдаланууга тапшырылды. Бул тууралуу Катар кайрымдуулук фондунун маалымат кызматы билдирди.

Жугуштуу оорулар үчүн атайын өзүнчө эшик менен кирүүчү бөлмө, педиатр, терапевт, эмкана, каттоо бөлмөсү жана санузелдери, жылытуу системасы менен толук түрдө ишке берилди. Ошондой эле, эмеректер, тиешелүү медициналык жабдыктар, дары-дармек сактоочу аппараттар жана керектүү шаймандар менен жабдылган.

Белгилей кетсек, 2017-жылдагы Саламаттык сактоо министрлиги менен болгон келишимдин негизинде Катар кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен 9 медициналык клиника  курулуп, бүгүн эң акыркы объект колдонууга тапшырылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM