Биз менен байланышыңыз

Зейнеп Шакеева: бала кезде доктур болгум келчү

Көңүл ачуу | 25 Окт 2018 | 1203 | 0

“Доктур болгум келчү эле, тилекке каршы тапшыруу убагынан кечигип калып, ырчы болуп кеттим, бала кезимде шайыр, шашма, тез-тез сүйлөгөн кыз элем”- деп балалыгын жана музыка дүйнөсүнө келген кездерин эскерип, КР Эл артисти Зейнеп Шакеева “Марал” радиосундагы “Мезгил жана ырлар” программасына маек куруп берди.

-Ыраматылык эжем жакшы ырдачу эле. Эгерде ырдап чыкса, эң мыкты ырчы болмок. Тилекке каршы, эрте эле ала качып кетишип, турмуштун ысык-суугун артынып ырдабай калды. А менин ырчы болоюн деген деле оюм жок эле. Бирок тагдыр экен. Каалаган окуума тапшыра албай, музыкалык окуу жайга тапшырып өтүп кеттим. 40 жылдан ашык өмүрүмдү сахнага арнадым.

-Дүйнөнү жакшы эле кыдырып келдик. Казакстанга барып элдин суроолору боюнча оркестр кайра башынан ойноп, “Элмираны”  бир нече жолу аткарып,  чарчады деп ойлошсо да андан кийин башка ырларымды да аткарып кубанткам. Кремлде да ырдаганбыз. Ошону менен катар эле алыскы жайлоолорго, кыштоолорго барып бирде катыган нан жеп ач калсак, бирде май чайнап, жакшы эле ысык-суугун таттык. Ошону үчүн балдарымдын, неберелеримден ырчы чыгышын, мен көргөн азапты, көрө албастыктарды, үй- бүлөдөн алыс жүрүшүн каалабайт элем. Ушул себептүү менин жолумду жолдоп ырчы болууларын каалаган жокмун.

-Учурда “башкарма” болуп көтөрулгөм. Уйдө небере-чөбөрөлөргө башкарма болуп отурган чагым. Кудайга шүгүр 2 уул 3 кызды тарбиялап 14 неберелүү болуп, 3 чөбөрөмдү эркелетип отурам. Учурда неберемди үйлөндүрөлү  деп той камын көрүп жүрөбүз.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM