Биз менен байланышыңыз

Кытайда деңиз үстүнөн өтүүчү эң узун көпүрө ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 881 | 0

Кытайдын Гонконг шаары менен Макао районун бириктирип турчу деңиз үстүнөн өткөн көпүрө бул апта ишке берилди. Көпүрөнүн узундугу 55 чакырым болуп, бюджети 20 милиард долларды чапчыды. Долбоор 2016-жылга бүтүүсү пландалганына карабай, ар түрлүү себептерден улам эки жылга создукту.

Көпүрөнүн ачылыш салтанаты бүгүн, 24-октябрда өтүп, ага өлкө президенти Си Цзинпинь мамлекеттик жогорку макамдагы чиновниктер менен бирге катышты.

68 миллион калкы бар Гонконг менен Макаону байланыштырып турчу көпүрө дүйнөдөгү эң узун деңиз үстүндөгү жол Кытайдын “Улуу булуң” (Great Bay Area) долбоорунун негизги бөлүкчөсү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM