Биз менен байланышыңыз

Австралия Мьянманын 5 командирине санкция киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 619 | 0

Австралия бийлиги Мьянманын 5 аскер башчысына каршы санкция киргизди. Алар Мьянмадагы этникалык азчылык болгон рохинжа мусулмандарына карата жасалган зулумдук жана адам укуктарын тебелөөдө негизги фигуранттар болуп саналышат. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.

Ага ылайык, аталган командирлер Австралияга кире алышпайт жана алар менен соода-экономикалык мамилелерди жүргүзүүгө австралиялыктарга тыюу салынат. Бул эрежени бузгандар 1,2 миллион доллар айыппул төлөйт.

Мьянманын куралдуу кучтөрү мыйзамсыз түрдө баскынчылык жол менен рохинжа мусулмандарын өлтүрүп, айылдарын өрттөп жок кылышкан. Мунун айынан 700 миңден ашуун рохинжа коңшу Бангладешке качып өтүп, ушуга чейин ал жердеги качкындар лагеринде баш калкалоодо.

Эске сала кетсек, мьянмалык жогорку даражадагы аскер башчыларга жана чиновниктерге карата бир топ мамлекеттер, БУУ баш болгон эл аралык уюмдар этникалык, конфессиялык азчылыктарга карата зордук-зомбулук, геноцид кылмыштары боюнча санкцияларды киргизишкен.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM