Биз менен байланышыңыз

Келерки жылы 5G мобилдик интернет тармагы сатыкка чыгат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 739 | 0

Мобилдик интернет тармагынын жаңы мууну 5G 2019-жылдан баштап сатыкка чыгуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Hightech басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган тармак өзгөчө ылдамдыгы жана бир топ мобилдик функцияларды аткаруу жөндөмү менен айырмаланат. Бирок анын колдонуучуларга ыңгайсыздык жарата турган жагы бар 5Gни колдонуу үчүн жаңы смартфон сатып алуу керектелет. Анткени буга чейин колдонулуп келген аппараттар жаңы муундагы интернет тармагын кармай албайт.

Эми 5Gны кармай турган телефондорду чыгаруу башталды. Кытайлык электроникалык компания One Plus алгачкы 5G телефондорун чыгарышы. Ошондой эле, Samsung, Huawei жана Apple фирмаларынын смартфондору да жаңы шартка ылайык жасалып, сунушталат.

Бирок 5Gге ылайык чыгарылган алгачкы смартфондордун баасы мурдагыларга караганда алдаганча кымбат болуп, кеминде 600-700 долларды чапчый турганы айтылууда. Адистердин пикиринде, 2021-22-жылдарга барып орточо баадагы аппараттар деле бул технология менен иштеп кетери ыктымал.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM