Биз менен байланышыңыз

Путин менен Трамп жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 592 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп 11-ноябрда Парижде жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргузүшөт. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.

23-октябрда Орусияга келип кеткен Трамптын коомдук коопсуздук боюнча кенешчиси Жон Болтон менен болгон жолугушууда эки өлкө башчыларынын жолугушуу күнү белгиленди.

Парижде Биринчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында президенттер жолукмай болушту.

Эске сала кетсек, бул апта башында АКШ президенти Трамп Орусияны ракеталык куралдарды өндүрүү боюнча айыптап, эки өлкө ортосунда 30 жыл мурун кол коюлган келишимдин нормаларын сактабай жатканын айткан. Буга байланыштуу Америка дагы ракеталык, озөктүк куралдарды өндүрүүгө киришерин эскерткен болчу. Ага жооп кылып орус тарап Трамптын өзүн чагымчылдык менен айыптап, буга чейин эле Америка бийлиги аталган келишимди бузуу ниетинде жүргөнүн кошумчалаган.

Адистердин айтымында, мындай курч жагдайга карабай эки тараптын жолугушуусу жакшы жышаан жана эл аралык кооптонууну жараткан куралдарды чыгарууда жарышуунун алдын алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM