Биз менен байланышыңыз

Польша президенти Германияны орус газынан баш тартууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 603 | 0

Польша президенти Анжей Дуда Германияны орусиялык “Түндүк агым-2” мунай өтмөгүн куруу долбоорунан баш тартууга чакырды. Муну ал 23-октябрь кунү Германиянын федералдык президенти Франк Вальтер  Штайнмайер менен болгон жолугушуусунда айтты.

Дуданын айтымында, аталган орусиялык долбоор саясий мүнөздө болуп, борбордук жана чыгыш Европа мамлекеттериндеги энергетикалык балансты жоготуп, “Газпромдун” чексиз үстөмдүгүн курат. Ошондой эле Германия газды Орусиядан эмес, АКШдан сатып алса жакшы болорун кошумчалады.

Бирок Штаймайер бул пикирге кошулбасын билдирип, долбоор саясий эмес, экономикалык чечим экенин эске салды.

Кошумчалай кетсек, “Түндүк агым-2” долбоору орусиялык күйүүчү майды Балтика деңизи аркылуу Германияга алып өтүүчү өтмөк болуп саналат. Ал Балтика жээгиндеги Орусия, Швеция, Дания, Финландия жана Германиянын аймактары аркылуу өтөт. Долбоордун башталуусуна аталган мамлекеттер макулдугун берип, бир гана Копенгаген калды. Долбоорго Украина, Латвия, Литва жана Польша каршылыгын билдирип келет. Ошондой эле АКШ дагы Евробиримдикке өзүнүн газын сатуусуна тоскоолдук кылат деген себеп менен бул долбоорго каршы чыгууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM