Биз менен байланышыңыз

Зулушев: Конституциялык палата эч качан туура чечим кабыл албайт

«Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» мыйзамды кароодо Жогорку соттун Конституциялык палатасы өзүнүн ыйгарым укугунан аша чаап кетти. Бул орган Конституцияга карама-каршы келген норманы гана жокко чыгарат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык палата 28 жылдан бери өз ишин аткарбай келет. Аталган орган эч качан туура, так чечим кабыл албайт.

«Конституциялык палатанын өкмөткө көрсөтмө берүүгө укугу жок. Бирок бул орган парламентке, өкмөткө көрсөтмө берип коюуда. Ал эми «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» мыйзамды кабыл алууга Жогоркк Кеңеш чекит коёт», — дейт эл өкүлү.

Маалымат боюнча, 2003-жылы кабыл алынган «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесине ылайык, экс-президент чексиз кол тийбестик укугуна ээ болгон. Ал эми 2007-жылы Конституция өзгөрүп Баш мыйзамдын 53-беренеси, тагыраагы экс-президент чексиз кол тийбестик укугуна ээ, ал административдик кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт деген норма толук алып салынган. Ал эми 2003-жылы кабыл алынган мыйзам калып кетип, өзгөртүү кирген эмес.

«Баш мыйзамда чексиз кол тийбестик укугу эч кимде жок. Кандайдыр бир кызмат абалын аткарып жатканда соттордо, депутаттарда, президентте жана айрым кызматкерлерде кол тийбестик укугу бар. Мурда президент адам укуктары жана эркиндиктери боюнча кепилдик берген. Азыр Баш мыйзамда мындай норма жок. 2007-жылы аталган мыйзам алып салынган. Ошондуктан ал мыйзамды Конституцияга шайкеш келтирүү замандын талабы», — дейт Зулушев.

Белгилей кетсек, Конституциялык палата 17-октябрда Медиа Полиси институту менен «Адилет» укук клиникасынын «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесин мыйзамсыз деп табуу тууралуу арызын карап, чечим чыгарган. Ага ылайык, мыйзамдын 4-беренеси тең укуктуулук принцибине карама-каршы келет деп табылган. Андан сырткары аталган мыйзамдын 12-беренеси да Конституцияга карама-каршы келет деген чечим чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM