Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан мөңгүлөргө анализ жүргүзөт

Коом | 23 Окт 2018 | 1373 | 0

Бүгүн, 23-октябрда Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму башталды. Ага 40ка чукул өлкөдөн 300дөн ашуун эксперттер катышты.  Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму Бишкек шаарында 23-26-октябрь күндөрү өтөт. Форумдун алгачкы күнү тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана тоо системасын сактап калуунун жолдору айтылды.  Ал үчүн тоолуу аймактардагы маселени чечүүнүн стратегиялык пландары иштелип чыкмай болду. Анткени дүйнөдө географиялык жаткан окшош  келген тоолуу мамлекеттерде көйгөйлөр бир кырка өсүп келе жатат.

Эксперттердин маалыматында, негизги маселе бул климаттын өзгөрүүсүндө болуп турат. Соңку жылдарда абанын температурасы 2 градуска чейин көтөрүлгөнү байкалат. Мындан улам мөңгүлөр сакталган тоолуу аймактарды сактап калуунун жолдору сунушталууда.

Бул багытта 2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк тоо форумун өткөргөн Уганда өлкөсү атайын  декларация кабыл алган. Анын алкагында башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашып, сунуштамалар даярдалганын Уганданын суу ресурстарын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча министри Горрети Китуту  маалымдады.

Уганда Африка континеттинде эң тоолуу өлкө болуп саналат. Жер аянтынын дээрлик 3 млн чакырымын тоо ээлеп жатат. Бийиктиги 2000-4000 метрге чейин жетет. Айланасындагы бир канча өлкөлөрдү суу менен камсыздайт. Ошол эле Кения, Конго сындуу өлкөлөргө таза суу жеткирет. Түздүктөрдүн бетинде 600 миңден ашык эндемикалык өсүмдүктөр каптап жатат. Бул байлыктарды биз жоготуп албашыбыз керек. Мунун жолдорун  2016-жылы аныктап чыктык. Эми башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу аркылуу табият менен таттуу мамилени сактоону көздөп турабыз.

Чындыгында планетанын кургак бөлүгүндө жашаган калыктын 13 пайызы тоодо күн кечирет жана жер шаарындагы башка аймактарга эң маанилүү экосистема кызматын көрсөтөт.  Тагыраагы, тоо башында көп жылдык сакталган мөңгүлөр дүйнөнү ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда. Тоолор  дүйнө коомчулугуна эбегейсиз пайда алып келип жатканы менен, эл аралык саясий айдыңда кайсы бир деңгээлде басымга учуроодо. Ошондуктан экосистеманын жок эле дегенде алдынкы эки жылдык планы менен иш алып баруу сунушун Чили мамлекетинин Тышкы иштер министрлигин алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана океан боюнча дирекциянын жетекчи орун басары Ангуло Пенто берди.

Париж келишими баарыбыз үчүн маанилүү. Себеби дүйнөдө экология маселеси курчуп баратат. Аны сактап калууга ар бирибиз аракеттенүүбүз керек. Анын ичинде тоолуу өлкөлөр буга  өзгөчө кызыктар болуубуз зарыл.  Тоо биздин экосистеманын үйү десек болот. Тропикалык токойлордун 65 млн чакырымы тоолуу аймактарда жатат. Демек, жаратылыш байлыктарын сактоо пландарын алдынкы эки жылга түзүп, иш алып барганыбыз натыйжалуу болот. Болбосо көпчүлүк учурда кесепеттери менен гана күрөшүп калуудабыз.  

Бул багытта Кыргызстан дагы экология боюнча эки маселени көтөрдү. Алгачкысы өлкөдө мөңгүлөрдүн азайып жатканы, экинчиси уран калдыктары сакталган жайлар туурасында маалымат берилди. Үстүбүздөгү жылдын март айында совет доорунан калган бул жайдын тобокелдиктерин алдын алуу үчүн БУУнун резолюциясына өзгөртүү сунушу менен кайрылган.

Ал эми мөңгүлөр тууралуу өкмөт анализ жүргүзүүнү көздөп жатат. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамов буларды айтты.

Кыргызстанда канча мөңгү, канча суу бар деген суроолорго азыркы тапта толук жооп алууга мүмкүн эмес. Бирок мөңгүлөрдүн азайып баратканы чындык. Муну эл аралык изилдөөлөрдөн деле көрсө болот. Эми мындан аркы саясатты аларды сактап калуу боюнча иштер алып барылат. Ал үчүн биз ар бир мөңгү, агын суулар жана жерге түшкөн жамгырга мониторинг жүргүзөбүз. Ошондо гана так маалыматтарды бере алабыз. Болбосо Кыргызстанда эгемендик алган жылдардан бери мындай изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес.

Эми тоо форумунан кийин, Европа, Латын Америка жана Африка өлкөлөрү келечекте натыйжа бере турган сценарий иштеп чыгат. Анда Бишкек планформа болуп берээрин эксперттер белгилешүүдө.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM