Connect with us

Дүйнөнүн алдынкы университеттеринин тизмеси

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 2500 | 0

Дүйнөлүк университеттерди баалоочу борбор (The Center for World University Ranking) CWUR бул жылкы жогорку окуу жайлардын денгээлин баалап, тизмектеди. Бул тууралуу Би-Би-Си түрк кызматы билдирди.

Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан CWUR 2012-жылдан бери мындай кызматын сунуп келет. Алгач мыкты 100 университетти аныктап келсе, 2014-жылдан бери дүйнөдөгү алдынкы миң окуу жайды тизмектеп келет. Бул үчүн үйнө жүзү боюнча 8000 университетти сыноого алышат. Борбор университеттерди орундарга коюуда төмөнкү критерийлер боюнча баалайт:

-Эл аралык сыйлыктарды же конкурстарды жеңген бүтүрүүчүлөр;

-Эл аралык конкурстарды же сыйлыктарды жеңген окутуучулар;

-Илим изилдөө иштеринин саны жана ийгилиги;

-Дүйнөдөгү беделдүү басылмаларда жарыяланган макала же илимий эмгектер.

Аталган критерийлер боюнча дүйнөдөгү эң алдынкы ондукту Америка менен Англиянын ЖОЖдору бербейт. Алар:

  1. Гарвард университети (АКШ)
  2. Станфорд университети (АКШ)
  3. Массачусетс Технологиялык институту (АКШ)
  4. Кэмбриж университети (Англия)
  5. Оксфорд университети (Англия)
  6. Калифорния университети (АКШ)
  7. Принстон университети (АКШ)
  8. Колумбия университети (АКШ)
  9. Калифорния Технологиялык Институту (АКШ)
  10. Чикаго университети (АКШ)

2014-жылдан бери бул ондукка башка эч бир өлкөнүн жогорку окуу жайы кире элек.

Дүйнөнүн алдынкы миң университетин америкалык 214, Кытайдан 107, Англиядан 62, Франциядан 58, Япониядан 56, Германиядан 54, Италиядан 45, Испаниядан 38, Туштүк Кореядан 35, Канада 28, Бразилиядан 20, Индиянын 17 ЖОЖу, Голландиядан 13, Түркиядан 13, Ирандан 12, Польшадан 10, Бельгиядан 8, Израилден 7 жана Түштук Африкадан 6 университет толуктайт.

2014-жылдан бери абдан чоң айырма менен артка кеткен түрк университети болду. Түркиялык Жакынкы Чыгыш Технологиялык Университети ODTU 2014-396-орунду алган болсо, бул жылы 200 орун артка кетип, 596-орунга татыды. Ошентип бир да түрк жогорку окуу жайы алдынкы 500дүн ичине кире алган жок.

Серепчилер мунун себебин өлкөдөгү пикир жана сөз эркиндигинин чектүүлүгү, окутуучулардын мамлекеттик бир органдын(YOK) колунан эленип өтүп дайындалышы менен түшүндүрүшөт. Илимий эмгек же макала жазууну каалагандар анын саясий көз караш менен сыналып, артынан куугунтук жана ишсиз калуу коркунучу бар экенин байкап, “тынч жашоону” тандашат. Бул болсо мындай дүйнөлүк рейтингдерде окуу жайды эле эмес, өлкөнү уялтып коет.

Мындан сырткары, калктын окуу жайлардан талабынын төмөндүгү да алардын сапатын түшурөт. Себеби басымдуу түркиялыктар балдарынын өз оокатын жүргүзүп кетүүсүнө жарагыдай бир кесип үйрөнүп чыгуусун гана күтүшөрүн билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM