Биз менен байланышыңыз

Касымалиев: кызматкерлердин чет өлкөгө сапарларына 622 млн сом кетет

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 682 | 0

Финансы министри Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлердин чет өлкөгө расмий сапарларына 600 млн сомдон ашуун каражат кетерин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат Аида Касымалиева мамлекеттик кызматкерлердин чет өлкөгө расмиий сапарларына канча каражат кетерине кызыкты. Анда финансы министри Касымалиев: “Иш сапарларына 622 млн сом коротулган, ал эми кийинки жылга да ушундай өлчөмдөгү каражат каралууда,”-деп белгиледи.

Андан соң депутат Аида Касымалиева Башкы прокуратурадан мамлекеттик бюджеттен иш сапаралына канча каражат бөлүнгөндүгүн, кайсы жана канча кызматкерлердин баргандыгын текшерүүнү суранды.

Ошондой эле дипломатиялык паспорттун кандай колдонулгандыгын жана иш сапарынын таасирин текшерүүсүн да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM