Биз менен байланышыңыз

Кемелова Канадада расмий сапары менен болду

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 561 | 0

Тышкы иштер министрдин биринчи орун басары Динара Кемелова Канадага болгон расмий сапарынын алкагында Канаданын эл аралык соода-сатык министринин орун басары Тимоти Саржент, Бизнести жана сатууну өнүктүрүү коммерциялык корпорациянын вице-президенти Эндрю Шиско менен жолукту.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, менчик секторлордун байланышын кеңейтүү, транспорт, гидроэнергетика, айыл чарба жана туризм тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Ошондой эле, Кыргызстандан барган делегация суу ресурсун колдонуу жана электр энергиясын алуу боюнча тажрыйбасын үйрөнүү максатында Канада менен АКШнын чек арасында жайгашкан «Мозес-Сандерс» ГЭСи менен таанышып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM