Биз менен байланышыңыз

АКШ менен Британиянын министрлери Аравиядагы форумга баруудан баш тартышты

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 914 | 0

АКШнын Финансы министри Стивен Мнучин менен Улуу Британиянын Тышкы соода министри Лиам Фокс Сауд Аравияда ханзаада Мухаммед бин Салмандын демилгеси менен 23-25-октябрда өтүүчү соода-экономикалык форумга барбай турган болушту. Мунун бирден-бир себеби журналист Жамал Хашоггинин жоголуусу болду. Бул тууралуу Би-Би-Си жазып чыкты.

Стивен Мнучин мындай чечимин президент Дональд Трамп жана мамкатчы Майк Помпео менен кеңешип кабыл алган.

“Future investment initatives” форумуна катышуудан буга чейин бир катар компаниялар жана ЖМК өкүлдөрү баш тарткан. Тактап айтканда, Google, Ford, Master Card, HSBC, Credit Suisse, Uber, New York Times, Bloomberg, CNN сыяктуу ири ишканалар барбай турган болушкан.

Бирок, мамлекеттик деңгээлдеги бойкот аталган иш-чарага башкача көлөкө түшүрүүсү ыктымал.

Эскерте кетсек, Стамбул шаарындагы Сауд Аравиясынын элчилигине кирген бойдон дайынсыз кеткен журналист Жамал Хашогги (Кашыкчы) араб бийлигинин кеңешчиси болчу. Кандайдыр бир себептер менен пикир келишпестик болуп, ал өлкөнү таштап чыгып кетүүгө аргасыз болгон. АКШнын жарандыгын алган Хашогги The Washington Post гезитине макалаларын чыгарып турган. Анын жоголуусуна түрк полициясы саудиялык бийликти,  тагыраагы, ханзаада Мухаммед бин Салманды күнөөлөп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM