Биз менен байланышыңыз

Мектепке бара албаган балдар эми үйүндө окутулат

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 1142 | 0

Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү жобого премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган жобо мектеп курагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жана ден соолугунда маселе жаралган жарандарга үйүндө билим берүүнү көздөйт. Алардын курагы 7 жаштан 18 жашка чейин болуп, 1-11-класстын окуучулары болууга тийиш.

Үйүндө окутуу менчигинин түрүнө карабастан бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн бардык баскычтарында уюштурулат.

Эскерте кетсек, окуучулар мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында билим берүүнүн бардык баскычтарында акысыз окууга укуктуу.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM