Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы Кыргызстанга коркунуч туудурган өлкөнү атады

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 845 | 0

Кыргызстанды Ооганстан тараптан келүүчү коркунучтар  кооптонтот. Бул тууралуу Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.

“Ооганстанда мыйзамсыз куралданган топтор бар. Биз бул өлкөгө жакын жайгашканбыз. Ошондуктан Кыргызстандын да, Борбордук Азия мамлекеттеринин да коопсуздугуна коркунуч туудурары анык,” – деди төрага.

Анын айтымында, бул мамлекеттин коркунуч туудурчу себептеринин бири 20-октябрда боло турчу президенттик шайлоо болуп саналат. Мындан улам чек арага кошумча блокпосттор коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM