Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Кылычбек Султандын арызын талкуулайт

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 1094 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кыргызстандын Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султандын арызын талкууга алууну тармактык комитетке сунуштады.

Ошону менен бирге бул маселени чечүү үчүн депутаттарды да кошуп комиссия түзүү ишин колго алуу демилгесин көтөрдү. Комитеттин төрагасы Исхак Пирматов болсо бул маселени кезектеги жыйындын күн тартибине киргизерин, тиешелүү өкүлдөр да чакырыларын айтты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан өлкө башчысына ачык кайрылуусунда тышкы иштер министрлигинде мыйзамсыз иш-аракеттерди байкагандыгын айтып, президенттин көңүл буруп коюшун суранган.

Copyright © 2017 Maral FM