Биз менен байланышыңыз

Жалпы 15 партия каттоодон өттү

Кыска кабар , Саясат | 3 Сен 2020 | 1083 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы расмий каттоодон 15 партияны өткөрдү. Аны БШКнын жумушчу тобу сунуш кылып, алардын бардыгы колдоо тапты.

Комиссиянын жыйынында жумушчу топтун чечимдеринин бардыгы окулуп, добушка коюлду. Алардын катарында «Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо боюнча жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу сунуш да бар. Жыйынтыгында жумушчу топ берген сунуштардын баары колдоо тапты.

Бүгүнкү отурумда каттоодон өткөн партиялар:

«Мекен ынтымагы»
«Ыйман нуру»
«Мекеним Кыргызстан»
«Мекенчил»
«Реформа»
«Ордо»
«Социал-демократтар»
«Биримдик»
«Кыргызстан»
«Чоң казат»
«Республика»

БШК 2-сентябрдагы отурумунда «Ата Мекен», «Бир Бол», «Замандаш» жана Афган согушунун катышуучуларынан турган партияны каттоодон өткөргөн.

Ошондой эле шайлоо комиссиясы «Актив» партиясы менен «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоодон четтетти.

«Актив» партиясын четтетүүгө шайлоо алдындагы күрөөгө акча каражатын койбогондугу негиз болсо, «Бүтүн Кыргызстанды» съездде мыйзам бузган деген жүйөө менен каттоодон баш тарты.

Copyright © 2017 Maral FM