Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы ТИМге талапкер көрсөттү

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 1242 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Чыңгыз Айдарбеков учурда Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп иштейт. Ал бул кызматка 2016-жылдын апрель айында дайындалган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов “Марал” радиосуна берген маегинде Тышкы иштер министрлигине эки талапкерди аты аталып жатканын айткан.  Алар Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев менен президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Эске салсак, Эрлан Абдылдаев 12-октябрь күнү Тышкы иштер министрлик кызматынан өз арызынын негизинде алынган.

Белгилей кетсек, өкмөттүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта премьер-министр президентке Жогорку Кеңештин  жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде талапкер сунуштайт. Президент Жогорку Кеңештин  тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө өкмөт мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Чыңгыз Айдарбековдун өмүр таржымалы:

1998-жылы Кыргызстандын эл аралык университетин аяктап, “Эл аралык байланыштар” боюнча адистигине ээ болгон.  2001-жылы ошол эле окуу жайда “Юриспруденция” адистиги магистратураны бүтүргөн.

Эмгек жолун 1998-жылы Тышкы иштер министрлигинде Көз карандысыз мамлекеттер кызматташтыгы башкы башкармалыгынын атташеси болуу менен баштаган.

2001-03-жылдары ТИМдин КМШдагы башкы башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болгон.

2005-2008-жылдары Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин биринчи катчысы;

2008-жылы ТИМдин КМШ департаментинин көп тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

2008-2010-жылдары Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчисинин кеңешчиси;

2011-жылы президенттин аппаратынын тышкы саясат жана протокол бөлүмүнүн эксперти;

2011-жылы ушул эле бөлүмдүн жетекчисинин орун басары;

2012-2016 –жылы Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык байланыш жана протокол бөлүмүнүн башчысы болгон.

2016-жылдын 18-апрелинен бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп эмгектенген.

Copyright © 2017 Maral FM