Биз менен байланышыңыз

Хабиб Нурмогамедов боксчу Мэйвезерди беттешке чакырды

Кыска кабар | 14 Окт 2018 | 1357 | 0

UFCнин жеңил салмактагы чемпиону орусиялык Хабиб Нурмагомедов америкалык боксчу Флойд Мэйвезерди беттешке чакырды. Мушкердин видео кайрылуусун бокс боюнча менеджер Деджуан Блэйк Instagram баракчасына жарыялаган.

Белгилей кетсек, Нурмагомедов 6-октябрда UFCнин мурунку чемпиону болгон ирландиялык Конор Макгрегорду жеңип, чемпиондук курун сактап калган. Орусиялык мушкер жалпы 27 беттешке чыгып, баарында жеңишке жеткен. Ал эми Мэйвезерде 50 беттеши бар жана ал дагы баарында утушка ээ болгон.

“Жунглиде бир эле падыша бар. Ал, албетте, менмин,”-деген Нурмагомедов.

Copyright © 2017 Maral FM