Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев кагаз баштык менен таңгак чыгарган ишканага колдоо көрсөтүлөрүн айтты

Кыска кабар | 28 Окт 2024 | 100 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев KIRLand компаниясынын KIR Pack – кагаз пакеттерди чыгаруучу ишканасынын базасында көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйынга айыл чарба министрлиги менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жетекчилери, ошондой эле компаниянын башчылары катышты.

KIRLand Кыргызстанда 1995-жылдан бери иштеп жаткан офсеттик басма продукциясын чыгаруу боюнча ири ишканалардын бири.

2019-жылдан бери компаниянын тутумунда KIR Pack ишканасы иштеп жатат. Анын өндүрүш жана кампа бөлмөлөрүнүн жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт. Бул жерде экологиялык таза продукция алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Боёкту дозалап берүү системасы аркылуу так сүрөттөр менен кагаз баштыктарды чыгаруу жолго коюлган.

Бир сменде 30 миң даана пакет чыгарылат, пландаштырылган кубаттуулугу 40 миң даанага жетет. Өндүрүш ар кандай форматта жана көлөмдө кагаз баштыктар менен таңгактарды чыгарууга мүмкүндүк берет.

Жыйында мамлекет экологиялык таза продукцияларды өндүргөн ишканаларга артыкчылык берип жаткандыгы белгиленди. Министрлер кабинети айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирген желим буюмдардан экологиялык таза кагаз буюмдарына этап-этабы менен өтүүнү жүзөгө ашырууда.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында жогорку сапаттагы крафт-баштыктарды чыгарууда өндүрүш көлөмүн жогорулатуу, зарыл болгон кошумча жабдыктарды сатып алууга компанияга ар тараптуу көмөктөшүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM